Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен телефон аркылуу сүйлөштү

2755

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен телефондук сүйлөшүүсү болду.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Улукбек Марипов жалпы түрк элине адам курмандыктары менен коштолгон токойдогу өрт кырсыктарына байланыштуу көңүл айтып, жабыркагандарга тез арада калыбына келүүсүн каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 10-кеңешмесин өткөрүүнүн жаңы датасын талкуулады.

Белгилей кетсек, 6-7-августка пландаштырылган 10-кеңешме Түркия Республикасындагы токойлордогу өрт кырсыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK