«Memorial» ооруканаларында коронавируска каршы ПЦР-тестин тапшыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө
Урматтуу мекендештер!
«Memorial» жеке медициналык мекемеси тармагында Кыргыз Республикасынын жарандары 170 түрк лирасына COVID-19га каршы ПЦР-тестин тапшыра алышат. Тесттин жыйынтыгын тест тапшырган күнү 6-8 сааттын ичинде алууга мүмкүн.
«Memorial» клиникалары Стамбул, Анкара, Анталья, Кайсери жана Диярбакыр шаарларында жайгашкан.
Кошумча маалымат алуу үчүн 444 7 888 номери аркылуу Call-центрге же https://www.memorial.com.tr/covid19testleri сайтына кайрылсаңыздар болот.