Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү
Урматтуу мекендештер!
Элчилик жана Анкара шаарынын мэриясы 23-28-август аралыгында “Zafer” базарынын Көркөм өнөр галлереясында боло турган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнө бардык мекендештерди жана турк досторду чакырат. Cүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы 23-августта саат 11:00дө өтөт.
Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлат.
Дареги: Cumhuriyet Mahallesi, Zafer Çarşısı Kızılay, Çankaya / Ankara