2021-жылдын 23-августунда Анкара шаарындагы Zafer соода борборунун Көркөм искусство галереясында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылыш аземи өттү

2253

2021-жылдын 23-августунда Анкара шаарындагы Zafer соода борборунун Көркөм искусство галереясында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги тарабынан Анкара шаарынын Мэриясы менен биргеликте уюштурулган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Анкаранын Вице-мэри Сержан Чыггын катышып, мындай иш-чаралар эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Көргөзмөдө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлду.

Сүрөт көргөзмөсү 2021-жылдын 28-августуна чейин уланат, Анкаранын бардык тургундары жана коноктору үчүн кирүү акысыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK