Манас эстелигин орнотууга салым кошкондорго ыраазычылык жана демөөрчүлөрдүн тизмеси

2870

 

Кымбатуу мекендештер жана түрк бир туугандар!

        Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде Айкөл Манас Атабыздын эстелигин орнотуу демилгесин материалдык жана моралдык жактан колдогонуздарга терең ыраазычылык билдирем.

      Бул эстелик Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок мырзанын колдоосу жана көмөгү, ошондой эле мекендештерибиздин жана түрк туугандардын жардамы менен орнотулду.

     Манас Атабыздын эстелиги эки элдин ортосундагы достуктун символу катары түбөлүккө калаары жана түрк туугандар бул эстелик аркылуу Айкөл Манас Атабызды гана эмес, Кыргызстанды жакындан тааный алышат деп толук ишенем.

     Тиркемеде эстеликти орнотууга материалдык жактан салым кошкон  түрк бир туугандардын жана мекендештерибиздин  маалыматы менен таныша аласыздар.

 

Урматтоо менен,

Кубанычбек Өмүралиев

Элчи

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK