Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча Башкы директору Ү.Саваш менен жолугушуусу болуп өттү

2507

2021-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча Башкы директору Саваш Үнлү менен жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин өтүнүчү боюнча Башкы директор Саваш Үнлү Түркияга кирген жана Түркиядан чыккан, ар кандай максат менен жашап турууга уруксат алган жана депортацияланган жарандар тууралуу маалымат берди.

Тараптар Түркиянын бардык аймактарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалы жаатында кызматташуу жана Түркияда жашап туруу үчүн документтерин тариздөөдө жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK