2021-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында «Wyndham Grand Istanbul Levent» мейманканасында түрк тилдүү өлкөлөрдүн Бизнес-форуму өтөт
2021-жылдын 10-ноябрында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Соода-өнөр жай палатасы Стамбул шаарында «Wyndham Grand Istanbul Levent» мейманканасында түрк тилдүү өлкөлөрдүн Бизнес-форумун уюштурат.
Бизнес-форумга Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин (TOВВ) Президенти Р.Хисардыкжыоглу баштаган түрк ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Венгриядан Соода-өнөр жай палаталардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле ар түрдүү тармактардан ишкерлер катышат.
Бул форумга катышууну каалагандар төмөнкү электрондук дареги аркылуу катталуу: https://anket.tobb.org.tr/#/anket/turk-ticaret-ve-sanayi-odasi-is-forumu же Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигине (ТОВВ) кайрылуу керек: (Адем Кула, тел. +90 531 291 90 14, электрондук почта: adem.kula@tobb.org.tr).