16 жашка чыга элек баланын жалпы жарандык паспортунун жарактуулук мөөнөтү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров 2021-жылдын 13-сентябрынын №116-номерлүү «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Буга ылайык, төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди:
16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй жарактуулук мөөнөтү менен жол-жоболоштурулат:
- бала төрөлгөн учурдан тартып ал бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө;
- бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, башкача айтканда 2021-жылдын 24-декабрынан баштап.