Урматтуу шайлоочулар! 2021-жылдын 15-ноябрына чейин шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз

2685

 

Урматтуу шайлоочулар!

2021-жылдын 15-ноябрына чейин шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

1. tizme.gov.kg сайтында;

2. № 9036 (Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги) шайлоо участкасында

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан болсоңуз, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2021-жылдын 15-ноябрына чейин (ушул күнү да) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу белгиленген консулдук мекемелерден консулдук каттоо жана биометрикалык идентификациядан өтөт.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилип, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (ушул күнү да) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK