Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуутуу Элчиси К.Омуралиев Түркия Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинде Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

7769

2019-жыдын 12-апрелинде Түркия Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К.К.Омуралиевдин Түркия Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинин Протокол боюнча Башкы дирекциясынын Башкы директору Эмре Зеки Карагюль мырзага Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу аземи өттү.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К.К.Омуралиевдин Түркия Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинин Борбор Азия, Кавказ, Россия Федерация жана Чыгыш Европа мамлекеттери боюнча Башкы дирекциянын Башкы директору Йонет Джан Тезэль менен жолугушуусу болуп өттү.

Аталган жолугушуунун алкагында, тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы стратегиялык кыргыз-түрк кызматташтыгынын бийик дэңгээлин белгилешип, эки боордош мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүн талкуулашты.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуутуу Элчиси К.Омуралиев Түркия Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинде Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK