Гази университетинде Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш чара өттү

2325

2021-жылдын 30-ноябрында Анкара шаарындагы Гази университетинде кыргыз адабиятынын жана грамматикасынын негиздөөчүсү, акын, драматург, агартуучу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган Университеттин окутуучулар жамааты менен студенттеринин катышуусунда иш чара өттү.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев, Университеттин Ректору проф. Муса Йылдыз жана проф. Хулья Касапоглу Ченгел сөз сүйлөшүп, анда Касым Тыныстановдун Кыргызстандын илим-билиминин өнүгүшүнө, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Касым Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача видеоролик да көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK