Кубанычбек Өмүралиев Конья аймагынын губернатору Вахдеттин Өзкан, ушул эле аталыштагы шаардын Вице-мэри Мустафа Узбаш жана Конья аймагынын Миграция иштери боюнча башкармалыгынын Директору Зеки Афшин Бузжу менен жолугушту

2126

2021-жылдын 14-декабрында Коньяга болгон иш сапардын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Конья аймагынын губернатору Вахдеттин Өзкан, ушул эле аталыштагы шаардын Вице-мэри Мустафа Узбаш жана Конья аймагынын Миграция иштери боюнча башкармалыгынын Директору Зеки Афшин Бузжу менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Конья аймагынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргыз Республикасында биргелешкен өндүрүштүк ишканаларды ачуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле аймакта жашап жаткан Кыргызстандын жарандарын коргоо маселелери талкууланды. Элчи Кубанычбек Өмүралиев аларга Түркияда ыңгайлуу жашап тууруда жана ар кандай себептерден улам визанын же жашап турууга уруксаттын мөөнөтүн өткөрүп жибергендерге документтерди тариздөөдө максималдуу жардам берүү суранычын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK