Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын «Бейтааныш» спектакли Анкара шаарында акысыз көрсөтүлдү

1877

2022-жылдын 23-мартында Анкара шаарында "ETHOS" эл аралык театралдык фестивалынын алкагында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын Түркиянын атактуу драматургу Тунжер Жуженоглунун пьесасынын негизиндеки “Бейтааныш” спектакли акысыз көрсөтүлдү.

Спектаклге Элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Элчиликтин кызматкерлери, Анкарада жашаган мекендештер жана борбор калаанын жергиликтүү тургундары катышты.

Эртеси күнү элчиликте Элчи К.Өмүралиев кыргыз театрынын жамааты жана "ETHOS" фестивалынын уюштуруучулары менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи К.Өмүралиев түрк тарап менен маданият тармагында ишке ашырылган жана пландаштырылган биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып берди.

Тараптар бир күн мурда болгон спектаклди да талкуулап, мындан ары да ушундай иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгы боюнча бир пикирге келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK