Коронавирустук пандемия учурунда Түркия Республикасына кирүү тартиби

2134

1. Жүргүнчүлөр төмөнкү документтердин бирин тапшырса, карантинден өтүүгө милдеттүү эмес:

  • Джонсон вакцинасынын бир дозасын же БДСУ менен Түркия тарабынан таанылган вакцинанын эки дозасын алгандыгы тууралуу тастыктоочу документ. Документте вакцинанын экинчи дозасын алгандан бери 14 күндөн кем эмес убакыт өткөндүгү тууралуу маалымат камтылышы керек. Түркияда Кыргызстандын эмдөө сертификаттары жарактуу.
  • Covid-19 менен акыркы алты айдын ичинде ооруп айыкканын тастыктоочу документ. Алты айлык мөөнөт COVID-19га ПЦР-тестинин биринчи оң натыйжасынын 28-күнүнөн башталат.
  • Өлкө аймагына киргенге чейин 72 сааттан ашык эмес алынган ПЦР- тестинин терс натыйжасы же 14 саат мурун алынган терс экспресс антиген тести.

2. Жогорудагы эрежелер транзиттик жүргүнчүлөргө тиешелүү эмес.

3. Экипаж мүчөлөрү ПЦР-тесттен өтүү талабынан же карантинден бошотулган.

4. 12 жашка чейинки жүргүнчүлөр ПЦР/антиген тесттеринен өтүү талабынан же эмдөө сертификаттарын тапшыруудан бошотулган. 

5. Эмдөө сертификаты, ПЦР/антиген тесттери сыяктуу документтер учуп кетер алдында авиакомпаниялар тарабынан текшерилет, мындай документтери жок жүргүнчүлөр учакка киргизилбейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK