2019-жылдын 23-апрелинде Анкара шаарында Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын катышуусу менен Эгемендик жана Балдар күнүн майрамдоого арналган 41-эл аралык балдар фестивалынын Гала программасы болуп ѳттү

5878

2019-жылдын 23-апрелинде Анкара шаарында Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын катышуусу менен Эгемендик жана Балдар күнүн майрамдоого арналган 41-эл аралык балдар фестивалынын Гала программасы болуп ѳттү. Эгемендик жана Балдар майрамына карата 1979-жылдын бери Фестиваль уюштурулуп, жыл сайын дүйнө жүзүнөн балдар катышат.

Аталган Фестивалда быйыл 40 ѳлкѳдѳн келген ырчылар жана бийчилер тобу катышып, ал эми Кыргызстанды таанытуу максатында “Жаш жылдыз” бий тобу катышты. Аталган топтун жетекчиси Наргиза Хажиева бир эле убакта ДЭЯ бий тобун дагы жетектейт.

«2018-жылы Бишкекте 23-апрель Түриянын Балдар майрамына карата «Манас» Университети менен «ТМЖ» коомдук фонду тарабынан биргелеше сынак өткөрүлгөн. Балыкчы шаарынын "Жаш Жылдыз" бий тобу, жетекчиси Наргиза Хажиева катышып бул сынакта баш байгени утуп алып, бул жылы Түркиянын Балдар фестивалына катышты.

Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдоган Фестивалдагы кыргыз кызы Жумабекова Берметтин ырдагандыгына ѳзгѳчѳ кѳӊүл бѳлүп, кошо кошулуп ырдады. Ошондой эле, Фестивалдын соӊунда Президент Р.Т.Эрдоган “Жаш Жылдыз” элдик бий ансамбли менен ѳзүнчѳ кыскача маек курду.

  • 2019-жылдын 23-апрелинде Анкара шаарында Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын катышуусу менен Эгемендик жана Балдар күнүн майрамдоого арналган 41-эл аралык балдар фестивалынын Гала программасы болуп ѳттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK