Дүсөн Касеинов ТҮРКСОЙдун Башкы катчылык кызматын Султан Раевге өткөрүп берди

2002

2022-жылдын 12-апрелинде Дүсөн Касеинов ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын кызматын Султан Раевге өткөрүп берди.

Аземге Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун Башкы катчысы Багдад Амреев, Элчи Кубанычбек Өмүралиев жана башка ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Элчилери, ошондой эле коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш чарага катышкан ТРнын Тышкы иштер министрлигинин,  Маданият жана туризм министрлигинин жана ТМУнун жетекчилери куттуктоо сөздөрүн сүйлөп жатып, ТҮРКСОЙ уюмунун жаңы жетекчисине мындан аркы ийгиликтерди каалашты. Ал эми мурдагы жетекчисине көп жылдык эмгеги жана түрк элдеринин маданиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

2022-жылдын 31-мартында ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйынында уюмдун жаңы Башкы катчысы болуп Султан Раев шайланган. Уюмдагы жетекчилик биринчи жолу Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK