Түркия менен Кыргыз Республикасынын жана бир катар мамлекеттердин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.

1537

2022-жылдын 6-июнунда Түркия Республикасынын Президентине караштуу Улуттук китепканада Түркия Республикасы менен Азербайжан, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина жана Өзбекстан мамлекеттеринин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Түркиянын Тышкы иштер министри М.Чавушоглу, Азербайжандын Тышкы иштер министри Ж.Байрамов, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Өмүралиев, жогоруда аталган мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери жана дипломаттары, Түркия Парламентинин достук топторунун башчылары болгон депутаттары, Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун жана ТҮРКСОЙдун Башкы катчылары ж.б. катышты.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Түркия менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлери куттуктоо сөз сүйлөп, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Түркия менен жогоруда аталган өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бир туугандык жана достук деңгээлин белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK