2019-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги 9-май Жеӊиш күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышты
![](/uploads/content/1880/b8187a3f-de53-338d-bd1f-ff9ed314484e.jpg)
2019-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Орусия, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын Анкарадагы Элчиликтери менен биргеликте уюштурулган 9-май Жеӊиш күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышты.
Салтанаттуу иш-чарага Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин ѳкүлдѳрү жана мамлекеттик ишмерлери, ошондой эле дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳр, Анкара шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү да катышышты.
9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 74-жылдыгына арналып өткөрүлгөн футбол турниринин жеңүүчүлөрүнө медалдары тапшырылып, ал эми баш байгени жеңүүчү өлкө Кыргызстандын Элчилиги алды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, согуш жылдарына арналган көргөзмө уюштурулду.