Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирел менен жолугушту

1572

2022-жылдын 20-июнунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирел менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Этимесгут муниципалитетинин бюджетинин эсебинен ишке ашырылып жаткан 100 орундуу бала бакчанын курулушу жакынкы аралыкта бүтөрүн канааттануу менен белгилешти.

Балдар мекемесинин ачылышы 2022-жылдын 22-июлуна пландаштырылган. Ачылыш аземине Этимесгут шаарынын Мэри Э.Демирел баштаган жергиликтүү парламенттин депутаттарынан турган делегация катышат.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы түрк тарапка балдар үчүн курулуп жаткан имарат үчүн ыраазычылык билдирип, мындай долбоорду ишке ашыруу эки өлкө аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

Маалымат катары: эки боордош шаарлар – Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети менен Нарын шаарынын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Нарын шаарында бала бакча куруу боюнча 2021-жылдын апрель айында Этимесгут муниципалитети тендер өткөрүп, азыркы учурда Нарын шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн жер тилкесинде курулуш иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK