Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кайсериде Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндоо жасады

1626

2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кайсери шаарында «ASKON» Ишкерлер Ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Култепе” Экономикалык Саммитинде «Жибек жолундагы соода мүмкүнчүлүктөрү» аттуу пленардык жыйынында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндоо жасады.

Өз сөзүндө Элчи Кубанычбек Өмүралиев бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар жана тышкы инвестицияны тартуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана шарттар тууралуу маалымат берип, инвесторлорду гидроэнергетика, туризм, айыл чарба жана башка өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды. Баяндоо сөзү аяктагандан кийин кызыктырган суроолорго жооптор берилип, бизнес коомчулугу менен B2B форматында жолугушуулар өткөрүлдү. Ошону менен бирге, ASKONдун жетекчилиги ишкана ачуу шарттары менен таанышуу үчүн Кыргызстанга барууга кызыкдар экенин билдирди.

Аталган иш-чарага Түркиянын Казына жана финансы министри, Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары, Казакстандын жана Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери, Өзбекстан менен Азербайжандын элчиликтеринин экономикалык маселелер боюнча кеңешчилери, Кайсеринин губернатору жана мэри, ошондой эле Түркиянын бардык бурчтарынан келген компаниялар жана уюмдар катышып жана сөз сүйлөдү.

 

Маалымат үчүн: “ASKON” ишкерлер ассоциациясы 9 000 адамды жана 20 000 компанияны бириктирген түрк ишкерлеринин уюму. Ассоциациянын башкы кеңсеси Стамбулда, ошондой эле Анадолу аймагындагы 34 шаарда жана Брюссел, Нью-Йорк, Пекин, Жидда жана Жакарта сыяктуу дүйнөнүн ири шаарларында кеңселери бар. Толук маалымат www.askon.org.tr сайтында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK