Министр Ч.Айдарбеков Түркиядагы мекендештер менен жолугушту

5340

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков расмий сапарынын алкагында Түркия Республикасында жашаган мекендештер менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Ч.Айдарбеков мекендештерге өкмөт менен Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоого багытталып жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалар жөнүндө маалымат берди. Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 10-апрелинде Түркия Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө анын кыргыз диаспорасынын активи менен жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча берилген тапшырмаларынан келип чыккан маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары министр ушул жылдын 7-майында Түркиянын тышкы иштер министри менен боло турган сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө принципиалдуу түрдөгү бир катар маанилүү макулдашуулар күтүлүп жатканын мекендештерге маалымдады. Түркиянын шаарларында биргелешкен маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүүдө Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык мекемесинин мекендештердин диаспоралык борборлору менен тыгыз иштөөсү керектигине көңүл бурулду.

Жолугушууга Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев да катышты.

  • Министр Ч.Айдарбеков Түркиядагы мекендештер менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK