Невшехир аймагына болгон иш сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү

1436

2022-жылдын 31-августунда Невшехир аймагына болгон иш сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Невшехир аймагынын Губернатору Инжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын Мэри Мехмет Савран, Невшехирдин Соода-өнөр жай палатасынын Торагасы Ариф Пармаксыз жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту.

Өткөн жолугушууларда региондор аралык мамилелердин алкагында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар Невшехирде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин  сүйлөшүштү. Кыргызстандын Элчиси мекендештердин аталган аймактагы жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аларга максималдуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK