Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Парламентинин депутаты, Адилеттүүлүк жана Өнүгүү Партиясынын негиздөөчүсүнүн бири Али Ихсан Арслан менен жолугушту

1269

2022-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Депутаты, Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын негиздөөчүсүнүн бири Али Ихсан Арслан менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды жана кызматташтыктын мындан ары өнүктүрүү перспективалары боюнча пикир алмашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK