Элчилик «Эбришем» көркөм галереясы тарабынан уюштурулган Эл аралык маданият фестивалына катышты

1473

2022-жылдын 23-сентябрынан 24-сентябрына чейин Анкарада Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу астында «Эбришем» көркөм галереясы тарабынан уюштурулган, Малатиядагы Арстан дөбө тарыхый эстелигине арналган Эл аралык маданият фестивалы өттү.

Кыргызстанды таанытуу максатында Элчилик башка чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен бирге, Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын жана кооз жаратылышын чагылдырган сүрөттөрдү, кыргыздардын салттуу жашоосун чагылдырган түрдүү буюмдарды колдонуу менен көргөзмө павильонун даярдап, фестивалга катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK