2023-жылдын 14-февралы саат 11:00гө карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы кырдаал боюнча маалымат

839

1.    2023-жылдын 14-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 11:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 14:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 31 643 адамга жетип, 100 миңден ашык жабыр тарткан.
2.    Кахраманмараш шаарында жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигилди. Боз үйлөрдү ыкчам орнотууга Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларынан келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар зор жардам көрсөтүштү.
3.    Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Элчи Руслан Казакбаев, Элчиликтин жана Башкы консулдуктардын кызматкерлери жабыркаган аймактарда иштерин улантышууда. Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлунун жетекчилигиндеги Координациялык борбору, AFAD, ошондой эле Кахраманмараш, Кайсери жана Сакария облустарынын губернаторлору менен биргеликте Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топторунун иш-аракеттери координацияланууда.
4.    Кахраманмараштагы AFAD лагеринде 15-февралдан тартып Элчиликтин жана Анталия менен Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бирдиктүү убактылуу штаб иштеп баштайт. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471.
5.    Бүгүн AFAD координациялык борборунда Түркиянын министрлер кабинетинин жыйыны өтөт.
6.    Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен байланыш бар. Учурда коопту аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер, ошондой эле Кыргызстандын издөө-куткаруу топторуна жардам берген ыктыярчылар бар.
7.    Бүгүн Элчиликтин жана Башкы консулдуктардын кызматкерлери жабыркаган аймактарды кыдырып, Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугуп, аларга жардам көрсөтүшөт.
8.    Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 1700дөн ашык чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты. Чет өлкөлүк мекемелердин ишеним телефондору:
* Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
* Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;
* Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK