2023-жылдын 14-февралы саат 17:00гө карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы кырдаал боюнча маалымат

524

1. 2023-жылдын 14-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 17:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 20:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 31 974 адамга жетип, 100 миңден ашык адам жабыркап, 6444 имарат бузулган.

2. Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын билдирүүсүнө ылайык, урандылардын астынан 8 миңден ашуун адам куткарылды.

3. Элчи Руслан Казакбаев, Элчиликтин жана Башкы консулдуктардын кызматкерлери жабыркаган аймактарда иштерин улантышууда. Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлунун жетекчилигиндеги Координациялык борбору, AFAD, ошондой эле Кахраманмараш, Кайсери жана Сакария облустарынын губернаторлору менен биргеликте Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топторунун иш-аракеттери координацияланууда.

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Кыргызстандын куткаруучулары тарабынан издөө-куткаруу иштери жүрүп жаткан жерлерге барды. Кыйраган имараттардын урандыларынын астынан мындан ары издөө иштерин жүргүзүү үчүн керектүү тапшырмалар берилди. Жеринде куткаруу иштеринин жүрүшүн мындан ары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов көзөмөлдөйт.

5. Кыргыз Республикасынан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан КР ӨКМнин 182 куткаруучусу жөнөтүлгөн, анын ичинен 12 фельдшер, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 6 дарыгери, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен 6 кинолог.

6. Кахраманмараштагы AFAD лагеринде 15-февралдан тартып Элчиликтин жана Анталия менен Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бирдиктүү убактылуу штаб иштеп баштайт. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471.

7. Ушул тапта Анкарадагы AFAD координациялык борборунда Президент Эрдогандын төрагалыгы алдында Түркиянын министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.

8. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларынан келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар жана Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери Кахраманмараштагы жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн боз үйлөрдү тигип бүтүштү. Боз үй конушу түрк тарапка өткөрүлүп берилди.

9. Хатайда каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү менен «Груз-200» өз мекенине жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди.

10. Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Учурда коопту аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер, ошондой эле Кыргызстандын издөө-куткаруу топторуна жардам берген ыктыярчылар бар.

11. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 1800гө жакын чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты. Чет өлкөлүк мекемелердин ишеним телефондору:

* Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

* Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;

* Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK