2023-жылдын 19-февралы саат 14:00гө карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы кырдаал боюнча маалымат

614

1. 2023-жылдын 19-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 14:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 17:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 40 642 адамга жетип, 108 068 адам жарадар болду.

2. Туркиянын Вице-президенти Фуат Октайдын айтымына ылайык, жер титирөө болгон аймакта 830 миң 806 имарат жабыркап, анын 105 миңи кыйрап калган.

3. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) маалыматына ылайык, 6-февралдан бери 6040 кыска жер силкинүү (афтершок) болуп, алардын 436сы 4-5 баллдык, 40ы 5-6 баллга жеткен.

4. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу топтору Түркия Республикасындагы куткаруу иштерин аяктап жатышат. Жалпысынан издөө иштеринин жүрүшүндө урандылардын астынан 8 тирүү адам жана 100дөн ашуун каза болгондордун сөөгү чыгарылды.

5. Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Учурда коопту аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер бар.

6. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде, ошондой эле Кахраманмараштагы AFAD лагеринде күнү-түнү иштеген убактылуу ыкчам штабдардын иши уланууда.

7. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Башкы консулдуктары жабыркаган аймактардагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жана дарыгерлерге көмөк көрсөтүү боюнча ишин күнү-түнү ыкчам түрдө улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK