Элчи Руслан Казакбаев "ТРТ Аваз" телеканалынын Нооруз майрамына арналган программасына катышты

384

2023-жылдын 21-мартында Нооруз майрамына карата «ТРТ Аваз» телеканалынын түрк дүйнөсүнүн катуу жер титирөөлөргө байланыштуу Туркияга көрсөткөн тилектештиги тууралуу түз эфирде көрсөткөн атайын программасына Элчи Руслан Казакбаев катышты.

Программада Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстандын элинин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөлөрдүн натыйжасында көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго байланыштуу терең көңүл айтуу менен бардык жапа чеккендерге тезирээк сакайып кетишин каалады.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топтору, көчмө ооруканасы, биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар жана жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн боз үйлөр түрүндө Кыргызстандын Туркияга көрсөткөн жардамы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүүсү тууралуу айтып берип, Кыргызстанда Ноорузду майрамдоонун өзгөчөлүгү жана салттары тууралуу алып баруучулардын айрым суроолоруна жооп берди.

Программанын жүрүшүндө борбордук “Ала-Тоо” аянтынан Кыргызстан менен түз онлайн байланыш түзүлүп, Кыргызстандык аткаруучу Турдакун Ниязалиевдин февральдагы жер титирөөлөрдө курман болгондорду эскерип жазган түрк тилиндеги ырына клиби көрсөтүлдү. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK