Үстүбүздѳгү жылдын 10-12 июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин этникалык кыргыздар жашаган Ван провинциясына иш сапары болуп ѳттү.

5496

Сапардын алкагында, Ван провинциясынын Губернатору Мехмет Эмин Билмез менен жолугушуу болуп, Ван провинциясынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылында жашаган этникалык кыргыздарга жардам кѳрсѳтүү маселеси талкууланды.

Ван провинциясынын Губернатору Мехмет Эмин Билмез менен болгон жолугушуу учурунда, элдин санынын ѳсүшүнѳ байланыштуу кошумча 200 турак жай куруу үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү; айыл чарба муктаждыктарына кошумча жер тилкесин күрөөгө берүү маселесин чечүү, ар жылы ѳткѳрүлүүчү бирок акыркы 5 жыл ичинде ѳткѳрүлбѳгѳн маданият Фестивалын калыбына келтирүү, толук эмес орто билим берүү мектебинин ордуна толук орто билим берүү лицейин ачуу, ошондой эле «Ата Журт» этнокомплексинин иш-аракеттерин мындан ары да колдоо маселелери тууралуу макулдашылды.

Элчи К.Омуралиев Улуу Памир айылына барып, этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоодо болуп жаткан кѳйгѳйлѳрү жана жашоо шарттары менен да таанышты. Элчи айылдык жамаат менен болгон жолугушууда, Кыргызстандагы мекендештеринин атынан салам айттып, Кыргызстандын абалы тууралуу айтып берип, жашоочуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жолугушууда К.Омуралиев Ван провинциясынын Губернатору М.Билмез менен этникалык кыргыздарга колдоо кѳрсѳтүү тууралуу болуп ѳткѳн макулдашууларды билдирди. Мындан тышкары, Кыргызстандан кыргыз тили жана музыка боюнча мугалимдерди жиберүү өтүнүчтѳрүнѳ, К.Омуралиев аталган маселени чечүүгѳ Элчилик аракет кыла тургандыгын билдирди.

Ошондой эле, К.Омуралиев Эрджиш шаарына жакын Ван кѳлүнүн жээгинде 20 гектар аянтка жайгашкан, этникалык кыргыз Кенан Айтач түзгөн «Ата Журт» этнокомплексине барды. Этнокомплекс кыргыздардын маданиятын, каада-салттарын даӊазалайт. Этнокомплекстин аймагында боз үй, ат минүүчү жана жаа менен атууга атайын жер камсыздалган. Мындан сырткары бул жерде улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары да көргөзмөгө коюлуп турат..  

Маалымат катары: 1978-жылы Рахманкул хандын демилгеси менен памирдик кыргыздардын бѳлүгү Апрель революциясынан кийин Афганистандан көчүрүлүп кетткен. Кыргыздар биринчи Пакистанга көчүп келишкен, бирок, Ван өрөөнүнүн катаал климатына кѳнүп калып, жаӊы ысык климаттык шарттарга отурукташа алышкан эмес. Аляскага отурукташканга мүмкүчүлүктүн жоктугунан, памирдик кыргыздар Түркия тарабынан кабыл алынган. 1983-жылы Түркиянын Ѳкмѳтү Улуу Памир айылын негиздеген, Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясынын Эржиш районунан жер бѳлүп берген.

Учурда Улуу Памир айылында кыргыз тилин жана улуттук салттарын сактап келген үч миӊге жакын этникалык кыргыздар отурукташкан. «Вандык» кыргыздардын биразы Стамбул шаарына, акыркы жылдары Анкаранын Чубук районуна жана Түркиянын борбордук бѳлүгүнѳ (миӊге жакын)отурукташкан.

  • Үстүбүздѳгү жылдын 10-12 июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин этникалык кыргыздар жашаган Ван провинциясына иш сапары болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK