Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушуусу болуп ѳттү

8873

2019-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Элчи К. Омуралиев түрк тарабынын Кыргыз Республикасына аскердик-техникалык, ошондой эле аскердик кадрларды даярдоодо берген жардамдары үчүн ыраазычылыгын жана Түркиянын аскердик окуу жайларында билим ала турган кыргыз курсанттарынын санын кѳбѳйтүү боюнча ѳтүнүчүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку квалификациялуу аскердик корпусун даярдоо максатында, К.Омуралиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунун тез арада куруу зарылчылыгын белгиледи. Министр Х.Акар бул маселенин ишке ашаарын айтып ѳттү.

К.Омуралиев аталган институт достуктун символу болуп, эки тараптуу мамилелердин өнүгүп өсүшүнө түрткү болоорун билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK