Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуусу болуп ѳттү

6399

2019-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуусу болуп ѳттү. Я.Топчунун жооп катары болгон жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин имаратында болду.

Элчи К.Омуралиев Кыргызстан менен Түркия стратегиялык өнөктөш экендигин баса белгилеп, эки ѳлкѳнүн элдерин тарыхый, маданий жана тилдик жакындыгы байланыштырып тургандыгын билдирди. Кыргыз тарабынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармагында болуп жаткан иш-чаралары тууралуу маалымдады.

ТҮРКСОЙдун жана Түpк Кеӊешинин мүчө-мамлекети болгон Кыргызстан Түркия үчүн боордош ѳлкѳ экендигин белгилеп, КТУ “Манас” жана ТИКАнын Кыргызстанда жасаган маанилүү иш-аракеттерин Я.Топчу баса белгиледи. Түрк-ислам дүйнѳсүндѳгү биримдиктин жана күчтүн маанилүүлүгүн баса белгилеп: «Кыргызстан менен Түркия кѳп жылдар мурда ар башка бешиктерде чоӊойсо да, Манастын уулдары, кандай гана шарттар жана кыйынчылыктар болбосун, биздин бир туугандыгыбыздын начарлашына жол бербейбиз» деди.

Я.Топчу жана түрк парламентинин депутаты Метин Гюндогду, Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин көмөгү менен “Жергиликтүү ой-толгоо» Фонду 2019-жылдын август айында Түрк дүйнѳсүнүн борбору аталган Ош шаарында кино жумалыгын ѳткѳрѳ тургандыгын билдиришти.

Маалымат катары: Я.Топчу 2015-жылы Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри, 2009-2011 жж. Улуу Биримдик партиясынын Башкы Төрагасы. Ошондой эле Я.Топчу “Манас” Кыргыз-Түрк Университетинин контролдоо Комиссиясынын мүчѳсү.

  • 2019-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK