Үстүбүздѳгү жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Түркия Республикасынын Анталия жана Измир шаарларындагы П.Асааналиева баш болгон «Кыргыз Айымдары» коомдук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

6115

Жолугушуунун алкагында Түркияда ишин жүргүзүп жаткан кыргыз жарандарынын туруусу, ошондой эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча кенен ой алмашуу болуп ѳттү.

«Кыргыз Айымдары» коомдук уюмунун жетекчиси жана мүчѳлѳрү кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүп келе жаткан иш-чаралары, ошондой эле Кыргызстандан маданий ишмерлерди чакыруу менен 2018-жылы Анталья шаарында жүргүзүлгѳн маданий иш-чаралар, анын ичинде Ч.Айтматов атындагы парктын ачылышы, жаӊы келген кыргыздарга түрк тилин үйрѳтүү боюнча курстун ачылышы тууралуу ж.б. маалымат беришти.

Маалымат катары: «Кыргыз Айымдары» коомдук уюму 2018-жылдын апрель айында уюштурулган. Коомдук уюмдун башкы максаты болуп, Анталья жана Измир шаарларындагы кыргыз жарандарына жардам кѳрсѳтүү жана укуктарын коргоо, ошондой эле Түркияда кыргыз элинин каада-салты менен маданиятын жайылтуу болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK