Түркиянын түштүк-чыгышында жер титирөөдөн жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүү максатында башталган кайрымдуулук акциясынын алкагында чогулган каражаттарды тапшыруу аземи болуп өттү

258

2023-жылдын 19-декабрында Түркия Республикасынын түштүк-чыгышында 2023-жылдын февраль айында болгон жер титирөөдөн жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөтүү максатында Элчилик тарабынан демилгеленген кайрымдуулук акциясынын алкагында чогулган акча каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) башчысы Окай Мемиш менен жолугушуп, чогулган каражаттын которулгандыгын тастыктаган сертификат тапшырды.

Өз кезегинде башкармалыктын башчысы Окай Мемиш кыргыз тарапка жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуда ыкчам жардам көрсөткөндүгү, тактап айтканда, куткаруучулар тобун жана мобилдүү оорукананы жөнөткөндүгү, гуманитардык жана каржылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын Президенти С.Н.Жапаровго жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда көрсөткөн жеке көңүл буруусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жолугушууда тараптар өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу жаатында эки тараптуу кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин, анын ичинде 2024-жылдын февраль айынын башында Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн өзгөчө кырдаалдар министрлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстандын делегациясынын алдыдагы иш сапарын талкуулашты.

Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгынын имаратында болгон учурунда Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана кесепеттерин жоюу боюнча бирдиктүү борбордун иши менен таанышты.

Элчилик каржылык жардамды чогултууда активдүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн бардыгына ыраазычылык билдирет. Чогулган бардык каражаттар Түркиянын Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгынын эсебине которулду.

Түркиядагы февраль трагедиясы кыргызстандыктарды кайдыгер калтырган жок. Боордош Түркия үчүн ушундай оор мезгилде кыргыз эли тилектештик көрсөтүп, түрк элине жардам колун сунган.

Элчилик каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына жана бүткүл түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK