Элчи Руслан Казакбаев Малатия шаарынын мэринин кеңешчиси Хамит Озполат менен жолугушту

254

2023-жылдын 20-декабрында Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2023-жылдын февраль айында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга каржылык жардам көрсөтүү үчүн Түркиянын боордош шаары Малатияга которулган каражатты тапшыруу аземи болуп өттү.

Элчи Руслан Казакбаев Малатия шаарынын мэринин кеңешчиси Хамит Озполат менен жолугушуп, чогулган каражаттын которулгандыгын тастыктаган сертификат тапшырды.

Өз кезегинде Хамит Озполат кыргыз тарапка Түркия үчүн оор мезгилде көрсөткөн колдоосу жана жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун перспективдүү багыттарын талкуулашты жана аны кийинки 2024-жылга карата куруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Баткен шаардык мэриясынын кайрымдуулук акциясынын жыйынтыгында 4480 АКШ доллары чогултулду. Бардык каражаттар Малатья шаардык мэриясынын эсебине которулду. Элчилик боордош түрк элине ушундай оор учурда жардам көрсөткөн баткендиктердин бардыгына ыраазычылык билдирет.

  • 2023-жылдын 20-декабрында Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2023-жылдын февраль айында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга каржылык жардам көрсөтүү үчүн Түркиянын боордош шаары Малатияга которулган каражатты тапшыруу аземи болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK