2024-жылдын 26-июнунда Элчи Руслан Казакбаевдин Марокко Королдугунун Түркиядагы элчиси Мохамед Али Лазрег менен жолугушуусу болуп өттү.

141

2024-жылдын 26-июнунда Элчи Руслан Казакбаевдин Марокко Королдугунун Түркиядагы элчиси Мохамед Али Лазрег менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-марокко кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүүнү мындан аркы күчөтүүнүн жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Марокко Королдугунун ортосундагы эки тараптуу келишимдик базаны кеңейтүү маселеси талкууланды.

Элчи Руслан Казакбаев кесиптештерине кыргыз тараптын тоолук демилгелери тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн мындан ары да күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

  • 2024-жылдын 26-июнунда Элчи Руслан Казакбаевдин Марокко Королдугунун Түркиядагы элчиси Мохамед Али Лазрег менен жолугушуусу болуп өттү.
  • 2024-жылдын 26-июнунда Элчи Руслан Казакбаевдин Марокко Королдугунун Түркиядагы элчиси Мохамед Али Лазрег менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK