2019-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28-жылдыгына арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү.

5199

2019-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28-жылдыгына арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү.

Кечеге Түркиянын жаштар жана спорт Министри М.Касапоглу, Түркиянын Президентинин Башкы кеңешчиси Я.Топчу, Кыргызстан жана Түркиянын депутаттык достук Тобунун жетекчиси С.Ѳзтюрк баш болгон Парламенттин мүчѳлѳрү, ТИКА Президенти С.Каялар, Түркиянын маданият жана туризм Министринин орун басары С.Чам, Анкарадагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчилери, башка шаарлардын жетекчилери, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнүн жетекчилери, бизнес өкүлдөрү, кыргыз студенттери, Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси К.Омуралиев жана Түркиянын жаштар жана спорт Министри М.Касапоглу саламдашуу сөздѳрүн айтышты.

Элчи K.Омуралиев өз сөзүндө эки тараптуу кызматташтыктын динамикасын, ошондой эле учурдагы эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде, Түркиянын жаштар жана спорт Министри М.Касапоглу Кыргызстандын көз карандысыздыкты алгандан тартып ушул күнгө чейин Түркия боордош мамлекеттин демократиялык жана экономикалык жактан өнүгүүсүнѳ колдоо кѳрсѳтүп жаткандыгын билдирди.

Иш-чаранын алкагында, келген конокторго кыргыз жаратылышынын сүрөттѳрү сунушталды, ошондой эле Кыргызстан тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

  • 2019-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28-жылдыгына арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү.
  • 2019-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28-жылдыгына арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK