2019-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Түрк радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын (ТРТ) Башкы директору Ибрагим Эрен менен жолукту.

5081

2019-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Түрк радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын (ТРТ) Башкы директору Ибрагим Эрен менен жолукту.
И.Эрен ТРТнын мүмкүнчүлүктөрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө К.Омуралиевге маалымат берди. К.Омуралиев, Кыргызстандын туристтик потенциалы менен тааныштыруу жана инвестиция тартууу максатында И.Эренге Кыргызстан жөнүндө роликтерди ТРТнын каналдарында көрсөтүүнү, ошондой эле биздин өлкөбүздүн жаратылышы, тарыхый жерлери жана маданияты жөнүндө репортаждарды тартууну сунуштады. Ошону менен бирге, аталган роликтерди бир гана ТРТ Аваз каналынан эмес, ТРТнын негизги каналынан дагы көрсөтүүнү сунуштады.
Тараптар, Ош-шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору жылынын жабылуусун көрсөтүү маселесин талкуулады. И.Эрен ТРТ бул иш-чараны көрсөтө тургандыгын белгиледи.
Жолугушууда массалык маалымат каражаттары тармагындагы тажрыйба алмашуу маселеси дагы талкууланды. Тараптар, кыргыз журналистеринин ТРТда стажировка өтүү маселесин улантууну макулдашышты.

 

  • 2019-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Түрк радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын (ТРТ) Башкы директору Ибрагим Эрен менен жолукту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK