Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К.Омуралиев Анкара шаарынын өнөр-жай палатасынын 1-Уюштурулган өнөр-жай (Cинжан) зонасынын жетекчилиги жана компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

4745

Түрк ишкерлерине Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат жана мүмкүнчүлүктөр, аны менен бирге бизнес жүргүзүү боюнча шарттар (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар), ошондой эле өлкөбүздүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жана тышкы өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү, ЕЭБдеги Кыргызстандын мүчөлүгү жана Европа Биримдигинен алган ВСП+ статусу жөнүндө презентация жасалды. Ошондой эле Элчи К.Омуралиев КРнын экономикасынын приоритеттүү секторлору: айыл-чарба, жеңил жана тоо кен өнөр-жай, гидроэнергетика, маалымат технологиялары жана туризм тармактарына көңүл бурду.

Жолугушууда, Синжан өнөр-жай зонасынын компанияларынын өкүлдөрү К.Омуралиевге өздөрүнүн кызыктырган суроолорун бере алышты. Тагыраак айтканда, суроолор жерди жеке менчике алуу укугуна, пайдалуу кендерди иштетүүгө ж.б. байланыштуу болду. К.Омуралиев Кыргызстанда жерди жеке менчике алуу укук бардыгын тастыктады. Ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүү үчүн тендер аркылуу лицензия берилерин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында жана кабыл улуучу тараптын демилгеси менен, К.Омуралиев аталган өнөр-жай зонасындагы айыл-чарба жана курулуш техника чыгарган - «Эркунт» жана «Хидромек» ишканалары менен таанышты.

Маалымат иретинде: Анкара шаарынын өнөр-жай палатасынын 1-Уюштурулган өнөр-жай зонасы (мындан ары Синджан өнөр-жай зонасы) 1978-жылы негизделип, Түркия Республикасындагы эң чоң 5 Уюштурулган өнөр-жай зоналарынын катарына кирет. Өнөр-жай зонада өндүрүш 1990-жылы башталган.

Синджан өнөр-жай зонасында негизинен эмерек, коргонуу, химиялык, оор жана жеңил өнөр-жай, алюминийди иштетип жана айыл-чарба техникасын жана инструменттерин чыгаруу, метал иштетүү, машина куруу ж.б. тармактардагы продукциялар чыгарылат. Ошондой эле өнөр-жай зонада техникалык колледж иштейт.

Синджан өнөр-жай зонасы 1000 га. жерде жайгашып, 5 миңден - 100 миң метр аянттуу 335 өнөр-жай участкалары бар. Азыркы учурда өнөр-жай зонасында 270 завод жана фабрикалар иштейт жана аны 335 чейин көбөйтүү көздөлүүдө.

  • Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К.Омуралиев Анкара шаарынын өнөр-жай палатасынын 1-Уюштурулган өнөр-жай (Cинжан) зонасынын жетекчилиги жана компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK