Кыргыз Улуттук консерваториясынын доценти, "Устатшакирт Плюс" Коомдук Фондунун көркөм жетекчиси мульти аспапчы Н.Нышанов жана комузчу Г.Байгашкаеванын 2019-жылдын 26-ноябрында Анкара шаарында өтө турган концертине чакырабыз

6925

Урматтуу мекендештер !!!

2019-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Улуттук консерваториясынын доценти, "Устатшакирт Плюс" Коомдук Фондунун көркөм жетекчиси мульти аспапчы Н.Нышанов жана комузчу Г.Байгашкаеванын  концертине чакырабыз. Концертте темир жана жыгач ооз комузда, чоордо, сыбызгыда, комузда ж.б. музыкалык аспаптарда залкар музыканттардын чыгармалары аткарылат. Ошондой эле, концерттик программанын алкагында музыкалык аспаптардын жасалышы тууралуу кыскача видео-фильм көрсөтүлөт.

Концерт Анкара шаарында 2019-жылдын 26-ноябрында, саат 17:30'да ТҮРКСОЙдун имаратында болуп ѳтѳт.

Дареги: Ferit Recai Ertuğrul Caddesi No: 8 Or-An (Анкара)  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK