2020-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Кыргызстандык Студенттер платформасынын (KGSP) лидерлери жана өкүлдөрү менен биргеликте видео конференциясы өттү

4771

2020-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Түркиянын ЖОЖдорундагы кыргыз студенттеринин коомдорун бириктирген Кыргызстандык Студенттер платформасынын (KGSP) Түркиянын 25 шаарындагы лидерлери жана өкүлдөрү менен биргеликте видео конференциясы өттү.

Элчи К. Өмүралиев студенттерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Элчилик тарабынан Түркиядагы коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Тактап айтканда, ү.ж. март-апрель айларында март айынын аяктарынан бери Түркияда жарыяланган карантинге, 31 шаардын ортосунда унаа жол каттамдары токтотулганына жана дем алыш күндөрү, ошондой эле майрамдарда сыртка чыгууга тыюу салынгандыгына карабастан Кыргызстанга 757 жаранды кайтаруу үчүн, анын ичинде студенттер дагы бар, үч чартердик учак ишке ашырылгандыгы жана Кыргызстанга кайтып баруу үчүн Элчиликке жана Башкы консулдукка расмий түрдө кайрылуу зарыл экендиги; муктаж жарандарга, ошондой эле коронавирус пандемиясынан улам жумушунан айрылгандарга гуманитардык жардам көрсөтүү; түрк бийлиги менен бюджеттик негизде окуган студенттерди жатаканалардан чыгарбоо, стипендияларын өз убагында берүү боюнча ж.б. маселелер чечилгендиги тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде, кыргыз студенттеринин коомдорунун лидерлери жана өкүлдөрү алар өкүл болгон шаарлардагы Кыргызстандык жарандардын жана студенттердин абалы жөнүндө айтып беришти. Жалпысынан ТРнын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар Башкармалыгынын алдындагы “Түрк стипендиясы” программасы боюнча окуган студенттер арасында эч кандай көйгөй жок экендигин белгилешти (жатаканалар, стипендия, тамак-аш ж.б. менен камсыздоо). Ошол эле учурда, Конья, Кастамону, Стамбул жана башка шаарлардын өкүлдөрү муктаж болгондорго, мисалы жеке диний окуу жайларында жана контракт төлөп окуган студенттерге (азык-түлүк комплекттери, турак жай, материалдык жардам ж.б.) биргелешип жардам берилгендигин билдиришти жана ушул категориядагы студенттерге жардам берүүдө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Элчи К.Өмүралиев студенттерге алардын тилектештигине жана студенттер арасында көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылыгын билдирип, муктаж болгон студенттерге кыргыз диаспоралары жана жергиликтүү бийлик органдары аркылуу жардам берүү үчүн Элчиликке кайрылууну сунуш кылды. Ошондой эле биримдикке  жана Түркия Республикасынын коронавирустун жайылышынан калкты коргоо үчүн кабыл алган иш-чаралары боюнча бардык талаптарын аткарууга чакырды.

  • 2020-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Кыргызстандык Студенттер платформасынын (KGSP) лидерлери жана өкүлдөрү менен биргеликте видео конференциясы өттү
  • 2020-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Кыргызстандык Студенттер платформасынын (KGSP) лидерлери жана өкүлдөрү менен биргеликте видео конференциясы өттү
  • 2020-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Кыргызстандык Студенттер платформасынын (KGSP) лидерлери жана өкүлдөрү менен биргеликте видео конференциясы өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK