Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Улуу Жеңиш күнүнө карата куттуктоосу.

4934

Урматтуу ардагерлер жана мекендештер!

Быйыл фашист баскынчыларга каршы Жеңиш күнүн белгилөө өзгөчө мааниге ээ, анткени 9-майда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет. Өлкөбүздүн тарыхында жүрөгүбүздө түбөлүк жашай турган окуялар бар, аларды биз эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Биздин эл үчүн мындай окуялардын бири көп убакытка созулган оор согуш жылдары жана көпкө күткөн Жеңиш Күнү болду.

Өз мекенинин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргогон, фашизмге каршы ийиндеш туруп айыгышкан салгылашууда баатырдык менен күрөшкөндөрдү ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз. Согуштун эсепсиз курмандарына болгон жалпы кайгы, Улуу Жеңиш күнүн жакындаткан фронттогу жоокерлердин жана тылдагы эмгекчилердин тарыхый эрдиги менен сыймыктануу бизди бириктирип турат.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда биздин республиканын дээрлик бардык бойго жеткен эркектери фронтко чакырылган. 360 миңден ашык кыргыз жоокери же Кыргызстандын ар бир төртүнчү тургуну фронтто согушкан жана алардын 100 миңге жакыны согушта каза болгон. Көрсөткөн баатырдыгы жана кайраттуулугу үчүн 150 миңден ашык кыргызстандык жоокерлер ордендер жана медалдар менен сыйланышкан, алардын ичинен 34 жоокер Даңк ордендеринин толук кавалерлери, ал эми 74 кыргызстандыкка Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Жоокерлердин согуш жылдарында фашизмге каршы күрөштө көрсөткөн эбегейсиз баатырдыгы жана өз жанын аябагандыгы ар дайым азыркы жана келечек муундарга үлгү болот деп ишенем.

Урматтуу мекендештер, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө менен согуш майданында курман болгондорго, согуштун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине, биз үчүн жана бүткүл адамзаттын ачык асманы үчүн өз өмүрүн бергендердин өчпөс жана жаркын элесине баш ийебиз.

Кымбаттуу ардагерлер жана мекендештер бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр, ийгилик жана бакубатчылык каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.

 

Урматтоо менен,

Кубанычбек Өмүралиев

Кыргыз Республикасынын Элчиси

 

  • Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Улуу Жеңиш күнүнө карата куттуктоосу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK