Түркияда COVİD-19 илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетүү максатында Министрлер кабинети тарабынан жаңы чечимдер кабыл алынды.

4715

1. Буга чейин сыртка чыгууга тыюу салынган 65 жаштан жогорку жарандарга күн сайын саат 10:00дөн 20:00гө чейин сыртка чыгууга уруксат берилет.

2. Ал эми 18 жаштан кичүү жарандар үчүн тыюу толугу менен алынды. Кичинекей балдар ата-энелеринин коштоосунда сыртка чыга алышат.

3. Медицина кызматкерлери, 18 жаштан кичүү жана 65 жаштан улуу жарандар үчүн улуттук парктарга жана жаратылыш парктарына кирүү акысыз болот.

4. Ресторан, кафе сыяктуу ишканалардын иштөө убактысы мындан мурун саат 22:00 деп белгиленсе, учурда 24:00гө чейин узартылды.  

5. 1-июлдан баштап кинотеатр, театр, көргөзмө борборлору сыяктуу ишканалар талап кылынган эрежелерди аткаруу менен иштеп баштайт.

6. 15-июндан баштап нике кыюу жайлары, ал эми 1-июлдан баштап үйлөнүү үлпөт жайлары талап кылынган шарттарды аткаруу менен кызмат көрсөтүп баштайт.

2020-жылдын 10-июнь күнү Түркияда 36 521 кишиге тест жасалып, 922 кишиде COVİD-19 илдети аныкталды. Ал эми илдеттен 17 киши көз жумса, 2241 киши айыгып чыкты. Жалпысынан Түркияда COVİD-19 илдетине чалдыккан биринчи учур катталгандан бери 2020-жылдын 10-июнуна карата 2 млн. 451 миң 700 кишиге COVİD-19 илдетин аныктоо үчүн тест жасалып, 173 036 адамда оору аныкталды жана 146 839 киши оорудан айыгып чыкты. Учурда 631 киши ооруканада оор абалда жатса, 280 киши дем алуу аппараты менен жаткандар. Ал эми 4746 киши аталган илдеттен каза болду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK