Түркиянын аймагына кирүү / чыгуу учурундагы жарандар үчүн Ковид-19га байланыштуу эрежелер тууралуу маалымат
Урматтуу мекендештер! Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн жарандар үчүн, анын алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн Түркиянын аймагына аба каттамы менен кирүү / чыгуу учурларындагы эрежелер тууралуу маалымдайбыз.
- Бардык жүргүнчүлөр аэропортто жана учакта маска тагып жүрүүсү зарыл.
- Бардык жүргүнчүлөр келүү жайларында жүргүнчүлөр жөнүндө форманы толтуруусу зарыл.
- Бардык келүүчү жарандар текшерилип жана Ковид-19 коронавирусунун симптомдоруна тесттен өтөт. Аталган процедура жөнүндө жүргүнчүлөргө учууга чейин жана учуу учурунда жарыяланат.
- Ковид-19га тесттин оң жыйынтыгы менен жүргүнчүлөр депортация болбойт, алар дарылануудан өтөт.