Ушул жылдын 15-июлунда Стамбул-Бишкек багыты боюнча “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын TK4936 чартердик рейси менен жөнөп жаткан жарандардын назарына

5773

Башка өлкөлөрдөн келе жаткан жана Анкарадагы Элчиликтин тизмесиндеги жарандар үчүн авиабилеттер тиркемеде көрсөтүлгөн резервация кодуна ылайык “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын Анкара шаарындагы (борбордук кеңсе) жана Стамбул шаарындагы (Таксим жана Кадыкөй районунда) кеңселеринде сатылат. Ошондой эле, авиабилеттерди 2020-жылдын 14-июлунда саат 19:00дөн кийин түздөн түз Стамбул эл аралык аэропортунан сатып алууга болот. Авиакомпаниянын кеңселеринде билеттердин баасы аэропортко салыштырмалуу жогору болоорун эскертебиз.

Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун жарандарынын тизмеси ушул жылдын 14-июнунда авиакомпанияга тапшырылгандыгы үчүн учурда авиакомпания тарабынан иштелип чыгууда. Ушуга байланыштуу, бул тизмедеги жарандар аталган кеңселерде билет сатып ала албаса, аэропортко келгенден кийин гана ала алышат.

 

Башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандар үчүн резервация коду (жүктөө)

Элчиликтин тизмесиндеги жарандар үчүн резервация коду (жүктөө)

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK