Түркиядан Кыргызстанды көздөй медициналык кызматкерлер тобу келе жатат

5691

Коронавирусту жуктуруп алгандардын санынын кескин көбөйүшү жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу Кыргызстанда оор эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, Элчилик Анкарадагы жеке клиникада иштеген мекендешибиз доктор Эркин Исмаил менен бирге, Кыргызстандын ооруканаларында иштөө үчүн Түркияда ординатураны өтүп иштеп жаткан 18 кыргызстандыктан турган медициналык кызматкерлердин тобун түздү.

Түркиянын тийиштүү министрликтери менен бирге, Элчилик медициналык кызматкерлердин Кыргызстанга кетишине уруксат алуу маселесин иштеп чыкты. Аталган кызматкерлердин айрымдары Кыргызстанда экенин белгилейбиз.

Медициналык кызматкерлер Кыргызстанга “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын чартердик рейси менен 2020-жылдын 15-июлунда жөнөтүлөт. Авиабилеттерди сатып алууга жана Кыргызстанда жашоого кеткен чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK