2020-жылдын 7-августунан баштап Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдар ачылат
Эки өлкөнүн ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы №267-р буйругунун негизинде, 2020-жылдын 7-августунан тартып туруктуу аба каттамдар төмөнкү багыттар боюнча аткарыла баштайт.
- «Авиа Траффик» авиакомпаниясы Бишкек—Стамбул—Бишкек багыты боюнча аптада 2 жолу, Бишкек—Анталья—Бишкек багыты боюнча аптада бир жолу;
- «Түрк Аба жолдору» авиакомпаниясы Стамбул—Бишкек—Стамбул багыты боюнча аптада 2 жолу;
- «Пегасус» авиакомпаниясы Стамбул—Бишкек—Стамбул багыты боюнча аптада 2 жолу.
Эсиңиздерге сала кетсек, коронавирустун жайылуусуна байланыштуу, 2020-жылдын 20-мартынан тартып, Кыргызстандын аймагында бардык эл аралык каттамдар токтотулган, жарандарды мекенине кайтаруу үчүн чартердик рейстер гана аткарылган.