Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын 2021-жылы Түркия Республикасынын аймагында өткөрүү жөнүндө

4283

2020-жылдын 12-августунда Түркиянын Бурса аймагынын Изник ​​шаарында Жаштар жана спорт дирекциясы менен Салттуу спорт федерациясы ортосунда Түркия Республикасынын аймагында өткөрүлүшү пландаштырылган Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын уюштуруучулук масалелер боюнча Протоколго кол коюлду. Ошентип, 2021-жылдагы масштабдуу жана көрүнүктүү эл аралык иш-чаралардын бирине даярдык башталды.

Аталган иш-чарага ТРнын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, ТРнын Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам, Дүйнө этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган, Бурса аймагынын губернатору Якуп Жанболат жана Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө түрк тарап Оюндардын негиздөөчү мамлекети болгон жана алардын калыптанышына жана дүйнөгө таанылышына баа жеткис салым кошкон Кыргыз Республикасынын маанилүү ролун баса белгиледи. Айрыкча, 2018-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Кыргызстан тарабынан ийгиликтүү өткөрүлүшүн белгиледи.

Түрк тарап Оюндарга даярдыктар жөнүндө маалымат берип, Кыргыз Республикасы орноткон салттарды эң мыкты түрдө сактап кала тургандыгына ишендирди. Көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүүчү жайынын өзгөчө символу болгонун белгилешти: Изник ​​шаарынын аймагында шаарды басып алуу үчүн болгон салгылашта курман болгон кыргыз аскерлеринин эстелиги орнотулган. Мындан тышкары, кыргыз тараптын салтка айландыргандай оюндар Изник көлүнүн жээгинде өткөрүү пландалууда.

Маалымат катары: 2018-жылы Кыргызстанда Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары ийгиликтүү өткөрүлгөндөн кийин, кийинки оюндарды 2020-жылы өткөрүү эстафетасы түрк тарапка берилген. Бирок, COVID-19 пандемиясынан улам, Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүү 2021-жылга жылдырылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK