Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу боюнча иштердин алкагында мобилдик топтун Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуулары тууралуу маалымат

4163

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу боюнча иштердин алкагында Түркияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу жана алардын ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн турган мобилдүү топ Түркияга келет. Жолугушуулар төмөнкү шаарларда өтөт:

Бурса - 22 август, башталыш сааты: 16:00 (Дарек: Өрдек күлтүр меркези/Ördek Kültür Merkezi),

Измир - 23 август, башталыш сааты: 16:00 (Дарек: Түркан сайлан күлтүр меркези/Türkan Saylan Merkezi), 

Анталия - 25 август, башталыш сааты: 16:00 (Дарек:Догуяка Махаллеси, 1219-көчөсү Номер 9/Муратпаша/ ASSİM Abdulloh Sevimçok Sivil Toplum ve İnavasyon Merkezi: Doğuyaka Mahallesi, 1219 Sokak/ No: 9),

Анкара - 26 август башталыш сааты: 17:00 (Дарек:КРнын Анкара Элчилигинин имараты; Туран гүнеш бульвары, Галип эрдем жаддеси No:25/Turan Güneş Bulvarı, Galip Erdem Caddesi NO:25)

Стамбул - 27 жана 28 август, башталыш сааты: 16:00 (Дарек: Али эмри эфенди күлтүр меркези/Ali Emri Efendi Kültür Merkezi).

Бурса, Измир, Бодрум, Анталия жана Стамбулдагы жолугушууларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугуна +902122356767 телефону же kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук дареги аркылуу кайрылыңыздар.

Анкарадагы жолугушуу боюнча Элчиликке +903124913506 телефону же kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук почта аркылуу кайрылуу керек.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK