Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу боюнча мобилдүү топтун Түркияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуусу болуп өттү

3828

Ушул жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу боюнча маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатындаБорбордук шайлоо комиссиясынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн турган мобилдүү топ Элчиликке караштуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана Түркияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Элчиликтин кызматкерлери шайлоо процесси жөнүндө маалымат беришип, Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана консулдук кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу көптөгөн сууролоруна жооптор берилди.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтары чогултулуп, Элчиликтин консулдук каттоосунан өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK