2020-жылдын 4-октябрында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин астында №9036 шайлоо участогунда добуш берүү башталды

3440

Кыргыз Республикасынын депутаттарынын шайлоосун өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 2020-жылдын 4-октябрында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин астында №9036 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыздоо максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот. Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK